Азан
Азан — намазга чакыруу; ал парздын убактысы киргенде айтылат. Муэззин кыблага карап, сөөмөйлөрүнүн учун кулагына салып, сөздөрдү катуу жана созуп айтат. «Хаййа алас-салах» дегенде бетин оңго, «Хаййа алал-фалах» дегенде солго бурат. Уккан адам анын сөздөрүн кайталайт. Аялдар азан айтпайт.
Багымдат азанында «Хаййа алал-фалах»тан кийин эки жолу «Ас-салату хайрун минан-навм» — «Намаз уйкудан жакшы» деп кошулат.