33:35
Жатталды: 1 ичинен 0Ахзаб
- إِنَّ الْمُسْلِمِينَ وَالْمُسْلِمَاتِ وَالْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ وَالْقَانِتِينَ وَالْقَانِتَاتِ وَالصَّادِقِينَ وَالصَّادِقَاتِ وَالصَّابِرِينَ وَالصَّابِرَاتِ وَالْخَاشِعِينَ وَالْخَاشِعَاتِ وَالْمُتَصَدِّقِينَ وَالْمُتَصَدِّقَاتِ وَالصَّائِمِينَ وَالصَّائِمَاتِ وَالْحَافِظِينَ فُرُوجَهُمْ وَالْحَافِظَاتِ وَالذَّاكِرِينَ اللَّهَ كَثِيرًا وَالذَّاكِرَاتِ أَعَدَّ اللَّهُ لَهُمْ مَغْفِرَةً وَأَجْرًا عَظِيمًاИннал-муслимина вал-муслимати вал-муминина вал-муминати вал-канитина вал-канитати вас-садикина вас-садикати вас-сабирина вас-сабирати вал-хашиина вал-хашиати вал-мутасаддикина вал-мутасаддикати вас-саимина вас-саимати вал-хафизына фуружахум вал-хафизати ваз-закириналлаха касиран ваз-закирати ааддаллаху лахум магфиратан ва ажран азыма.
Маанисинин котормосу
Албетте, мусулман эркектер менен аялдарга, ыймандуу эркектер менен аялдарга, моюн сунган эркектер менен аялдарга, чынчыл эркектер менен аялдарга, сабырдуу эркектер менен аялдарга, момун эркектер менен аялдарга, садака берген эркектер менен аялдарга, орозо кармаган эркектер менен аялдарга, ар-намысын сактаган эркектер менен аялдарга жана Аллахты көп эстеген эркектер менен аялдарга Аллах кечирим жана улуу сыйлык даярдап койгон.